Бүгүн Жонни Депп менен Эмбер Хёрд расмий ажырашты

Белгилүү актёр Жонни Депп менен актриса Эмбер Хёрд ажырашты. Аларды бириктирип келген "аял-күйөө" деген макам расмий түрдө алынды. Тиешелүү кагаздарга түгөйлөр тарабынан ноябрь айынын соңунда кол коюлган, бирок алардын өкүлдөрү бүгүн, 2-декабрда гана бул маалыматты тастыкташкан.

Эки тарап түзгөн келишим боюнча эми Депп Хёрдго 6,8 миллион доллар төлөп берет. Ал эми бул сумманы Эмбер 2018-жылга чейин кайрымдуулукка жумшашы шарт.

Белгилей кетсек, түгөйлөрдүн ажырашып жаткандыгы тууралуу маалымат август айында белгилүү болгон. Эмбер Хёрд жолдошунан колдоо иретинде 400 миллион долларлык мүлк сураган, бирок актёр мурунку аялынын бул сунушун четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан