
Жалал-Абад облусунда адамды унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
"2016-жылдын 1-декабрында саат 18:00 чамасында Ноокен районунун Беш-Мойнок айылын көздөй бараткан айдоочу унаасы менен 23 жаштагы Талантбек аттуу жаранды сүзүп, качып кеткен. Жабыркаган жаран ооруканага жетпей көз жумган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында ошол эле түнү Ноокен районунун Патрулдук милициясы тарабынан 23 жаштагы Медербек кармалган. Ал жөө адамды Мерседес-Бенц-230 унаасы менен сүзүп кеткен деп шектелүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Автоунаа унаа токтотуучу жайга коюлуп, айдоочусу Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнө алынып келингени маалым болду. Учурда иликтөө жүрүүдө.