Ош, Кара-Суу, Чолпон-Ата шаарларында таза суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Европа союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү кабарлады.
"Европа союзу Кыргыз Республикасынын ири донору болгондуктан, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы менен кош каржыланчу долбоорлорго грант бөлөт. Бул долбоорлор 285 миңден ашуун адам жашаган өлкөдөгү 3 шаардын таза суу менен камсыз кылчу системин жакшыртуу үчүн иштелген", - деп айтылат маалыматта.
Ал үчүн Евросоюз 11,15 миллион евро бөлөрү белгилүү болду. Учурда суу түтүктөрүнүн, сууну тазалоочу жайлардын эскириши тургундарды толук кандуу таза суу менен камсыздабайт. Бул көйгөй калк арасында оорулардын көбөйүшүнө шарт түзүүдө.
"Ош шаарына Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 2,5 миллион, Европа инвестициялык банкы 2,25 миллион инвестиция салса, Евросоюз 4,75 миллион евро грант берет. Кара-Сууга 2 банк 1 миллион евродон инвестиция берсе, Евросоюз 3,3 миллион евро грант берет. Чолпон-Атага банктар 1 миллион инвестиция, Евросоюз 3,1 миллион евро грант бөлөт", - деп айтылат маалыматта.