22-апрелге карата Нарын облусунда 4156 гектар жерге эгин себилди

2013-жылдын 22-апрелине карата Нарын  облусу боюнча жалпы 4156 гектар жерге эгин айдалып, 2814 гектарга буудай, 1191 гектарга арпа себилди. Дыйкандар дан эгиндеринин үрөнү менен 90 пайызга камсыз болду. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл бул облуста 41 миң 738 гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүү пландаштырылган. Ал эми күйүүчү майлар жер-жерлердеги май куюучу жайларда эркин сатылууда. Мындан сырткары айылдык ишкерлер тарабынан дагы керектүү күйүүчү майлар алынып келинүүдө. Колдонулуучу тракторлор – 85 пайызга, соколор – 89 пайызга даяр. Айрым техникаларды кайрадан оңдоо иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан