Таалайбек Масабиров Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Таалайбек Масабиров КРнын Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Таалайбек Масабиров дзюдо боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону.