Өзбекстанда бүгүн, 4-декабрда президенттик шайлоо башталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Президенттикке 4 талапкер ат салышууда, алар: учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзийоев, Либерал-демократчылар партиясынан Хатамжон Кетмонов, Элдик-демократиялык партиясынан Нариман Умаров, Социал-демократиялык партиядан Сарвар Отамуратов.
"Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 6:00дө мамлекеттик гимндин жаңыруусунда ачылды", - деп жазышат басылмалар.
Шайлоочулардын саны 20 миллиондон ашса, шайлоо участкаларынын саны 9,3 миңден ашуун. Шайлоо убактысы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин уланары маалым болду.