Мырзаке-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү

Мырзаке-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, түнкү саат 03:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 77-чакырымынын Тамчы чегинде көлөмү болжол менен 360 метр куб кар көчкү түшкөн. Жол бир тарапка ачык, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. Жолду тазалоо иштерине райондук 26-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Тазалоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2016-12-04 14:13:38
Бир машина жазга чейин тазалайтда. Ооздорун толтуруп кышка толугу менен даярбыз дей беришет элдин акчасын жей бербей кочку тушо турган аймактарга эксковатор булдезор 2ден койбойсунарбы. Орустардын туз жеринде кичине кар жааса жеке машиналарданда кар тазалагычтар кобоюп кетет жолдо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан