Борбор калаадагы этнокомплекстердин биринде 27-ноябрь күнү саат 12:00дө башталган 7 күн, 7 түн "Манас" айтуу бүгүн жыйынтыкталат. Бул күндөр аралыгында 30дан ашуун манасчы күнү-түнү күпүлдөтүп "Манас" айтып жатышты. Уюштуруучулардын бири Самат Асылкеримов иш-чара кызуу өткөнүн, эл ар тараптан колдоого алып турганын айтып өттү.
"Элден айланса болот. Ар убак эл үзүлбөй, манасчыларды ар тараптан колдоого алып турду.
Тамак-ашынан бери алып келип жатышты. Улуу Манас баянын угуудан таасир алып, кээ бири көзүнө жаш алып жатты.
Манасчылар өлкөнүн бардык аймагынан келишти. Бул жылдын өзгөчөлүгү - жаш манасчылардын активдүү катышканы", - деди Асылкеримов.
Ал эми 7 күн, 7 түн "Манас" айтуу маданий иш-чарасынын жабылыш аземи Улуттук филармонияда жыйынтыкталарын кошумчалады.