ЖЫЛНААМА, 4-ДЕКАБРЬ: 3 жыл мурун Иса Өмүркулов Бишкектин мэри кызматынан өз ыктыяры менен кеткен

2013-жылы 4-декабрда Иса Өмүркулов Бишкектин мэри кызматынан кеткен. Шаар башчысы бул кызматта 2010-жылдын 8-апрелинен тарта иштеп келген. “Билсеңиздер, мен бул кызматка Апрель окуяларынан кийин келгем. Анда баш аламандык, жерди басып алуу, мыйзамсыз иш-аракеттер көп болчу. Бирок кандай болгон күндө да шаар үчүн болгон күч-аракетимди жумшадым. Мен артымда жакшы из калтыргым келди”, - деген Иса Өмүркулов өз сөзүндө.
Ошондой эле ал борбордогу базарларды тартипке келтиргенин, шаар ичиндеги 118 чакырым жол оңдолгонун кошумчалаган.
Эске сала кетсек, ага чейин 2-декабрда Иса Өмүркулов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталып, ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (жер мыйзамдарын бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми 2014-жылдын 1-августунда Бишкектин Октябрь райондук соту аны тагылган айыптар далилденген жок деген жүйө менен толук актаган.

4-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан