Кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча кезектеги сот жыйыны башталды

Бүгүн, 23-апрелде кримавторитет Камчы Көлбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум башталды. Айта кетсек, сот жыйыны Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүүдө. Учурда күбө катары Арзымат Бурканов аттуу жаран суралып жатат. “Медер Кожакметов экөөбүздүн ортобузда чечилбеген акча маселеси бар болчу. Мен Түркияда жүрсөм ал мени Ысык-Көлгө, Камчы Көлбаевдин үйүнө чакырды. Ошондо мен депутат жана досум Садыр Жапаров, Жаныш Кудайбергенов болуп Ысык-Көлгө, Көлбаевдин үйүнө келдик. Ал жерде Кожакметов экөөбүз жеке иштерибиз тууралуу сүйлөштүк. Көп өтпөй арабызда түшүнбөстүк жаралып, тартыша кеттик. Бирок эмне себептен Камчы Көлбаевдин үйүнө чакырганын билбейм. Көлбаевге каршы эч кандай дооматым жок",- деди Бурканов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adalsvards
2013-04-23 12:07:18
Көлбаевдин көйнөгү алмашып калыптыр, эми...))) Бу "аксакал" стилистин кошо алып жатабы, ыя?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан