Орусияда ири жол кырсыгы катталып, 12 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 4-декабрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:40 чамасында Тюмень-Ханты-Мансийск унаа жолунун 926-чакырымында болгон. Анда эл ташыган автобус, эки жеңил унаа жана бир оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болуп, 36 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Каза болгондордун көпчүлүгү жаш балдар экени айтылууда. Учурда жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, оор жүк ташуучу унаа менен автобустун айдоочусу кармалды.