Өзбекстан: Шавкат Мирзийоев президенттик шайлоодо үй-бүлөсү менен келип добуш берди

Өзбекстанда жаңы президенттин ысымы жарыялануу алдында турат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодогу добуштарды эсептеп жатат. Жакын арада жыйынтыктын жарыяланышы күтүлөт.

Жекшембиде өлкө жетекчилигине талапкерлердин бири, Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзийоев добуш берүү тилкесине үй-бүлө мүчөлөрү менен келип бюллетень таштады. Интернет булактарына анын үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү жарыяланды.

Соңку маалыматтар боюнча, Өзбекстанда президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 88 пайызы катышты деп жарыяланды. Бул 17 миллион 941 955 жаран шайлоодо добушун берди дегендик.

Өзбекстандын президенти кызматына 4 талапкер ат салышты: Шавкат Мирзийоев (Либерал-демократиялык партиясы), Хотамжон Кетмонов (Элдик-демократиялык партиясы), Сарвар Отамурадов ("Миллий тикланиш" демократиялык партиясы), Наримон Умаров ("Адолат" социал-демократиялык партиясы).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан