
Мындан 3 жыл мурун
Мелис Мырзакматов Ош шаарынын башчылыгынан бошотулган. Анын кызматтан алынгандыгы тууралуу буйрукка 5-декабрда ошол кездеги премьер-министр
Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Жаңы шаар башчысы шайлангыча мэрдин ордуна Ош шаарынын биринчи-вице-мэри
Алимжан Байзаков убактылуу дайындалган.
Өкмөт Мелис Мырзакматовдун кызматтан бошотулуусу Ош шаарынын жетекчилигине боло турган шайлоого байланыштуу кабыл алынган чечим экенин, ошондой эле мэрди бошотууда өкмөт башчы конституциялык укугунан пайдаланганын билдирген. Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңешине шайлоодон кийин, 2012-жылдын март айынан тарта мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген. "Милдетин аткаруучу деген статус - өкмөт башчы шаардык кеңеш менен макулдашпай туруп, мэрди кызматтан четтете алат дегенди түшүндүрөт", - деп билдиришкен өкмөттөн.
5-декабрга карата жылнаама.