4-декабрда Италияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, шайлоочулардын болжол менен 60 пайызы "каршы" деп добуш беришти. Бул тууралуу европалык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүүнү өкмөт сунуштаган. "Конституциялык реформа аркылуу өкмөт сенаттын (парламенттин жогорку палатасы) ыйгарым укуктарын кыскартууну жана сенаторлордун санын азайтууну көздөгөн. Оппозициялык күчтөр бул демилгеге каршы чыгышып, "өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейткени жатат" деп сынга алган", - деп жазышты басылмалар.
Мындан тышкары референдумда италиялыктардын көпчүлүгү Конституцияны өзгөртүү боюнча өкмөттүн демилгесине каршы чыккандыктан, өкмөт башчысы Маттео Ренци отставкага кетерин айтты.