Нарын шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга материалдык жардам көрсөтүлдү

3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйлөрүн кыдырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адамдын ар бирине 1000 сомдон акча каражатын тапшырды. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 93 миң сом акча каражаты бɵлүнүп, 310 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга материалдык жардам көрсөтүлдү.

Нарын шаары боюнча 2 миңден ашык майып адамдар каттоодо турушат, анын ичинен 309у 18 жашка чейинки балдар болсо, 66сы шал оорусу менен ооругандар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан