Бостондогу 4 адамдын өлүмүнө, 183 адамдын ар кандай жаракат алышына себепчи болгон жардырууга айыпталып жаткан Жохар Царнаев “жардыруунун негизги уюштуруучусу” деп, өзүнүн агасыТемирлан Царнаевди атады.
19 жаштагы Жохар Царнаевдин айтымында, байкеси экөө Бостондогу жардырууну эч кандай террордук уюмдар менен байланышы жок эле, өздөрү уюштурушкан. Ооруканадан сурак берген Жохар 26 жаштагы агасы Тамерлан жардырууну “Ислам динин коргоо үчүн” уюштурган деп белгилөөдө. Айта кетсек, Ж.Царнаев укук коргоо органдары тарабынан кармалып жаткан учурда моюнунан жана бутунан жаракат алган. Буга байланыштуу ал сүйлөй албай, учурда жазуу түрүндө көрсөтмө берүүдө.