
Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 5-декабрда Түштүк Африка Республикасынын алгачкы кара терилүү президенти, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты
Нельсон Мандела Йоханнесбург шаарындагы үйүндө 95 жаш курагында көз жумган.
Өлкө жарандары Манделаны Африка элине азаттык тартуулаган лидер катары эскеришип, көздөрүнө жаш алышкан. ТАРдын учурдагы президенти Жейкоб Зума дагы Манделаны Түштүк Африка мамлекетинде улуттук биримдикти түптөгөн улут атасы катары баалап, аны жерге берүүдө мамлекеттен талап кылынган бардык милдеттер аткарыларын билдирген.
2013-жылдын сентябрь айында Манделанын ооруканалардын биринде пневмония илдетинен дарыланып жаткандыгы кабарланган. Андан соң үйүнө келип, өмүрүнүн соңку мүнөттөрүн жакындары менен өткөргөн. Маалыматка караганда, 5-декабрь күнү Нельсон Мандела жашаган үйдүн аймагына ар кыл үлгүдөгү автоунаалар келип токтой башташкан. Мындан тышкары чет элдик маалымат каражаттары 5-декабрда Лондондо Манделанын өмүр баянын чагылдырган “Эркиндикке умтулган узак сапар” деген аталыштагы кинотасманын бет ачар аземи болгонун жазып чыгышкан. Ага экс-президенттин жакындары да чакырылган. Бирок Манделанын жакындары кино соңуна чыга электе эле кетүүгө аргасыз болушкан. Тасма аяктаган соң көрүүчүлөргө Нельсон Манделанын көз жумгандыгын кабарлашкан.
Анын өлүмүнө байланыштуу мамлекет башчылары Түштүк Африка элине көңүл айтып, кайрат кылууга чакырышкан. АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама “Нельсон Мандела өз өмүрүндө абдан көп нерсеге жетишти. Ал элдин азаттыгы үчүн өз эркиндигинен баш тартты” десе, Британиянын премьер-министри Девид Кемерон “Бүткүл адамзат үчүн жарыктыктын улуу шооласы өчтү” деп билдирген.
Нельсон Мандела 1918-жылы 18-июлда Түштүк Африка Республикасынын Мфезо айылында жарык дүйнөгө келген. Ага адам укуктары үчүн аёосуз күрөшкөндүгү үчүн 1993-жылы "Нобель" сыйлыгы тапшырылган. 1994-жылы 10-майда Түштүк Африка Республикасынын 8-президенти болуп шайланып, бул кызматта 1999-жылдын 14-июнуна дейре отурган.
Нельсон Мандела тууралуу кызыктуу фактылар:
- Н.Мандела апартеид режимине каршы африкалык көпчүлүктүн күрөшүн башкаргандыгы үчүн жана адам укуктарын коргоого катышкандыгы үчүн чейрек кылымдан көп убакыт түрмөдө отурган.
- Бул мезгил аралыгында ал Лондон университетинде сырттан окуп, юридика илимдеринин бакалавр даражасын алган.
- 2009-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 18-июлду Нельсон Манделанын күнү деп жарыялаган.
- Н.Мандела 80 жашка толгондо Мозамбиктин мурдагы президенти Самор Машелдин жесири Граса Машелге үйлөнгөн.
- 2009-жылы анын өмүр баянынын негизинде "Багынбаган" аттуу биографиялык драма тартылган.
- Н.Мандела абакта отурган кезде улуу баласы Тембекиле жол кырсыгынан көз жумуп, бирок ТАР бийлиги Манделага уулун акыркы сапарга узатууга баруусуна уруксат беришкен эмес.
- 2011-жылы Нельсон Манделанын туулган күнүнө карата 12,4 миллион окуучу бир убакта куттуктоо ырын аткарышкан.
5-декабрга карата жылнаама.