СУПЕРСТАН: "Күйөөмдүн компьютер оюндарын ойногонун кантип койдурам?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жолдошумдун компьютер оюндарын ойногонун кантип койдурам?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Телефонун талкалап салыш керек. Менин дагы иним кечке ошол оюнду ойной берип, окуусу начарлап кетти эле, телефону жок калды".

"Виртуалдуу кумар да бул деле. Колуна жөнөкөй телефон карматуунун жолун караштырыш керек. Эми чоң адамды алдай да албайсың".

"Менимче, психологго көрсөтүш керек же кечинде жатарда жолдошуң менен көп сүйлөш".

"Анын бир жолу бар: телефонуна вирус киргизип коюш керек, телефондон да, оюндан да жок калат".

"Оюн ойносо жакшы экен. Кээ бирөөлөрдүн эрлерине окшоп соцтармактарга кирип сыр сөздөрүн бербей бекитип, ар кыз менен жазышкандан көрө".

"Анысын эч калтыра албайсыз, менин да күйөөм ойнойт, түнү менен ойногон күндөрү болот".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан