Сокулук районундагы абакта кармалган кыз-келиндер өз өнөрлөрүн тартуулашты (фоторепортаж)

Сокулук районуна караштуу Степное айылында жайгашкан №2-аялдар абагында 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата маданий иш-чара өткөрүлдү. Анда абакта кармалган кыз-келиндер дүйнө жүзүнө жайылып бараткан СПИД оорусунун коркунучтуу экенин жана жугуп калуу коркунучун сахналык көрүнүштөрдү аткаруу менен айтып беришти. Төрт топко бөлүнүп жарышкан катышуучулар коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырышты. Катышуучулар сахна кийимдерин өздөрү тигип алганы белгилүү болду.

Салтанаттын жүрүшүндө концертти уюштурган Ырысгүл Олжобаева менен маектештик.

"Бизге концерт өтөт деп айтылган күндөн тарта даярдана баштадык. Бир жарым ай аралыгында толук даяр болдук. Биз буга чейин да майрамдарда иш-чараларды уюштуруп келгенбиз. Ага карабай абакта жаткан аялдар менен иштешүү абдан оор болду, анткени алардын жан дүйнөсү жабыркаган. Сыртынан күлгөн менен, ичинен ыйлап турат. Өздөрүн алаксытуу үчүн "мен концертке катышам, ырдайм, бийлейм" деп жазылышат", - деп билдирди ал.

№2-аялдар абагынын тарбия иштери боюнча башчысынын орун басары Талантбек Курманкалиевдин маалыматына ылайык, учурда аталган абакта 300дөн ашуун кыз-келин бар. Кармалгандардын көпчүлүгү адам өлтүрүү жана баңгизатка байланышкан кылмыштар боюнча отурушат. №2-абак 1963-жылдан бери иштеп келет.

"Биздин абакта кармалгандардын арасында 11 кыз-келин СПИД оорусу менен ооруйт. Алардын ысымдарын жашыруун сактайбыз. Мындан улам биз мындай иш-чараларды өткөрүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бүгүнкү күндө абакта 6 кыз маңзатын мыйзамдуу колдонот. Алардын баарын текшерүүгө алып турабыз", - деп билдирди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын медицина бөлүмүнүн башчысы Акылбек Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibars
2016-12-05 17:53:42
Аял заты уйдун корку, боорукер эне жана жолдошунун эн жакын таянаары. Ар бир аял заты жалан гана бактылуулуктун даамын корсо экен. Темир тордун артында эмес, жылуу уйдо балдарына даамдуу тамак жасап, куйоосунун суйууго толгон коз карашына кубоо болуп ар дайым.
+9
Magusi
2016-12-05 23:23:24
aibars,Ооба туура айтасын....Эх турмуш.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан