Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы КСДПнын тизмеси боюнча чырга байланыштуу кызматтан кетти

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бактыкан Нуралиева өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКдан билдиришти. Маалым болгондой, Нуралиеванын кызматтан кетиши КСДПнын талапкерлеринин тизмеси боюнча чырга байланыштуу.

Эскерте кетсек, шаардагы "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен" жана "Ата Журт" саясий партиялары КСДПнын үстүнөн арыз жазып, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган. Даттанууда "КСДП талапкерлердин тизмесин түзүүдө гендердик норманы сактабаган жана жайгашуу тартибин бузган" деп айтылган. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы жогорудагы арыздын негизинде КСДПнын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарган. Бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын 2-декабрдагы жыйынында каралып, жыйынтыгында аталган үч партиянын арызын четке кагуу тууралуу чечим чыгарылган. Мунун негизинде Б.Нуралиева өз ыктыяры менен кызматтан кеткени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан