1957-жылы 5-декабрда Орусиянын Ленинград шаарында дүйнөдөгү эң биринчи "Ленин" аттуу атомдук муз жаргыч кеме ишке кирген. Ал Түндүк деңиз жолун тейлөөгө жана Арктикадагы экспедициялык сүзүү үчүн курулган.
"Лениндин" узундугу 134 метр, кеңдиги 27,6 метрди түзгөн. Ал эми бийиктиги 16,1 метрге жетип, салмагы 16 миң тонна болгон. Долбоордун үстүнөн физик Анатолий Александров баштаган окумуштуулар иштеген.
Муз жаргыч кеме 30 жылдын ичинде жалпысынан 654 миң миль аралыкты басып, анын ичинен 563,6 миль музду аралап өткөн. Ошондой эле 3741 кемени муз аркылуу алып өткөн. 1989-жылы аталган кеме колдонуудан чыгарылып, Мурманск шаарына түбөлүккө коюлган.
5-декабрга карата жылнаама.