Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын соттук-прокурордук факультетинин деканы, юридика илимдеринин кандидаты Айбек Кошойбек Бишкек шаардык кеңешине талапкерликке аттанып жатып, окумуштуу жана тажрыйбалуу юрист катары муниципалитетке пайда келтирем деп ишенет.
"Борбор шаарыбыздын мэриясы бүгүн юридикалык кызматын күчтөндүрүүгө муктаж болуп турганы эч кимге жашыруун деле эмес. Мен Журналисттердин аллеясын (Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги) шаарыбызга кайтарууга катышып, буга чейин мэриянын юридикалык кызматы сотторго туура эмес негизде доо арыз бергенин байкадым. Муниципалдык гүл бакчаны басып алгандарга карата доо арызды туура беришибиз менен соттук териштирүү башталып, көп жылдарга созулган бул иште жеңишке жеттик. Бул жеңиштин уюштуруучусу СДПК болду. Бирок оңуна чечилбеген мындай иштер соттордо дагы эле толтура.
Мен Кыргызстандагы эң жаш декандардын биримин. 29 жашымда ушул кызматты аркалап, юридикалык коомчулуктун арасында көп адамдар менен байланыш арттырдым. Эгер аларды уюштуруп, билим-дареметин пайдалана алсак, көптөгөн жаш окмуштуу-юристтер шаарыбызга жардам берүүгө дилгир. Борборубузда укуктук жагынан чечилбей жаткан мындай маселелер көп болгондуктан, менимче, муниципалитетке окмуштуу-юристтин пикири абдан баалуу жана абадай зарыл. Анан калса менин сот процесстерине катышкан бай тажрыйбам да бар. Бишкек шаардык кеңеши бүгүн так ушундай адискөй жаштарга жана алардын энергиясына муктаж. Ошол себептен мен шаардык парламентке СДПКдан ат салышууну чечтим", - дейт Айбек Кошойбек.
Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 5-декабрь.