Бишкек шаарынын 1-Май районунда шаардык милиция бөлүмүнүн имараты курулуп, салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине шаар мэри Албек Ибраимов, ички иштер министринин 1-орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков жана 1-Май районунун акими Аскербек Алиев катышты.
"Милиция кызматкерлерине курулган имараттын жалпы сметалык баасы 27 миллион сомго жеткен. Ал эми 993 450 сомдук атайын эмеректер алынып келинген. Ошондой эле 866 746 сомдук техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Курулуш компаниясы суу түтүктөрүн улоо, электр байланыштарын туташтыруу жана имараттын айланасын жашылдандыруу иштерин аткарды", - деп билдирди басма сөз кызматы.