Биз социалдык тармакта

Орусияда сасык тумоодон улам каза болгон кыздын сөөгү Бишкекке алынып келинди

Орусиянын Москва шаарында сасык тумоодон улам каза болгон 20 жаштагы А.Шамшытбекованын сөөгү Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Орусиядагы КРнын элчилигинен билдиришти.

"Маркумдун Бекзат аттуу таанышынын айтымында, ал бир канча күн дене табы көтөрүлүп, сасык тумоолоп үйдө жаткан. Кийин "Тез жардам" кызматы келгиче кайтыш болуп калган", - деп билдиришти элчиликтен.

Ошондой эле элчилик, маркумдун өлүмүнүн себеби соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан соң белгилүү болорун билдиришти.

Айта кетсек, А.Шамшытбекова 3-декабрь күнү каза тапкан. Ал Москвадагы клининг компанияларынын биринде иштечү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
barakcha
2016-12-05 17:18:23
Аа байкуш кыз.Ботон элде,ботон жерде ушинтип ооруп кете берди...Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам!Сабыр кылыныздар...
+11
Gulim_zamujem
2016-12-05 18:56:56
Бишкектеда аябай грип кучоду!!! Кудай озун сактай кор!!!
+6
nurzada78
2016-12-06 01:40:09
Неге гриппке каршы прививка берилбеди?Прививка баарына тегиз берилсе жакшы болот эле!Кыргызстанда болсо таптакыр эле жок экен!
+4
Kroxa
2016-12-06 10:05:59
Ийй кудай озун сакта не деген айыкпаган грипп...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан