Кыргыз жаранын Ооганстанда террорчулар туткунга алышты

1966-жылы туулган кыргызстандык Нургазы Конушбаев Ооганстандын Логар провинциясындагы талибандардын туткунунда калды. ТИМдин маалыматына таянсак, 22-апрель күнү Н.Конушбаев жана Түркия, Орусия, Ооганстандын 10дой жараны бара жаткан МИ-8 тик учагы авариялык абал жаралгандыктан аталган провинцияда конгон. Көп өтпөй учактагылардын баарын ооган террорчулары туткунга алышкан. Учурда КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп, Ооганстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан сырткары аталган маселе боюнча ТИМде саясий-дипломатиялык чараларды камсыз кылуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Азырынча талибандар тараптан эч кандай талаптар коюла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан