Казакстанды Орусияга кошууга чакырык жасаганы жана улуттар аралык кастыкты козуткан билдирүүсү үчүн Казакстандын Игорь Чуприн аттуу жараны беш жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 5-декабрда коңшу өлкөнүн ММКлары жазышты.
Сот аталган жаранды "маалыматтык-коммуникациялык түйүндөрдү пайдалануу менен атайылап улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган" жана "Казакстандын бүтүндүгүн бузууну пропагандалаган" деп тапкан. Чуприн жарыялаган билдирүү социалдык тармакка жүктөлүп, 2014-жылдын 1-сентябрынан 2015-жылдын 20-майына чейин турган. Маалыматтарга таянсак, Чуприндин баракчасына негативдүү пикир калтырган интернет колдонуучуларга карата сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.