Бишкек шаардык кеңешине талапкер болуп СДПКдан катталган Даниярбек Иманалиевдин шайлоочулар менен кезектеги жолугушуусу Көк-Жар жаңы конушунда болуп өттү. Анын айтымында, акыркы жылдардын аралыгында шаарыбыздын бардык райондорунда жакшы жагына өзгөрүүлөр байкалууда. Ошолордун ичинде Көк-Жар конушу да бар. Эң башкысы, бул саамалыкты солгундатпоо зарыл.
"Мен шаар чарбачылыгы боюнча дипломдуу адисмин жана көп жылдар бою курулуш тармагында иштедим. Ошол себептен шаарыбыздын инфраструктурасын системдүү жана комплекстүү түрдө чечүү канчалык зарыл экенин башкаларга караганда жакшы түшүнөм. Бул конуштарда дагы бишкектиктер жашашат жана бардык ыңгайлуулуктары бар үйлөрдө жашоого толук акылуу. Мэрия дагы ушундай болушун толук колдойт. Сиздер муну быйыл оңдолгон Туңгучтун жолдорунан байкап көрсөңүздөр, тимеле күзгүдөй жалтырайт. Ал эми Көк-Жар боюнча токтолсом, шаардан кирген чоң жол толук жасалып, ички жолдор келерки жылдын планына кирди. Көп үйлөр канализацияга кошулуп, калгандары жакынкы жылдары кошулууга кезекте турушат. СДПК саясий оюндардын сазына батпай, эң ириде шаардыктардын ыңгайлуу жашоосун камсыздоого кызыкдар болгондуктан, шаардын аткаруу бийлиги, мэр жана анын аппараты менен тыгыз кызматташууну көздөйт", - деп белгиледи.
Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 5-декабрь.