Бүгүн, 5-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз жергесинин саясий аренасында орун алып жаткан акыркы окуялар өлкөдөгү аздыр-көптүр кадыр-баркы бар саясатчылар келерки президенттик шайлоого кызуу даярдык көрө баштаганын көрсөтүүдө. 30-ноябрь күнү Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров бириккенин жарыялашкан. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруунун негизги максаты президенттик шайлоого баруу экенин алар жашырышкан жок. Үчөө тең президенттик жарышка ким аттанарын жар салуу эртелик кыларын айтышканы менен, булардын ичинен Адахан Мадумаровдун президенттикке талапкер катары чыгуусу чындыкка жакыныраактай туюлат. Аталган саясатчы буга чейин атайын маалымат жыйын аркылуу 2017-жылы өтүүчү президенттик жарышка катышарын билдирген болчу. Ал арада экс-премьер Темир Сариев менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев да күчтөрүн бириктирип, президенттик жарышка даярдык көрө башташканы тууралуу сөздөр айтыла баштады. Темир Сариевдин жергиликтүү маалымат булактарына “Өнүгүү-Прогресс” тууралуу жылуу пикирин билдирип, аталган партия үчүн үгүт сөзүн айтып баштаганы жогорудагыдай божомолдорду бекемдеп койду.
1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын куруп, өзүнөн кийин мураскер калтырбасын дагы бир жолу айтты. Анткен менен ажо негиздеген КСДП президенттик орунду ээлеп калууга мүмкүн болгон аракетин жумшаары түшүнүктүү. Учурда КСДПнын катарынан мамлекет башчылыкка ат салышчулар катары Сапар Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков, Асылбек Жээнбеков жана башкалардын ысымы айтылып келет. Сапар Исаковдун SUPER.KG порталында “Эртең президенттик шайлоо болсо, кимге добуш бермексиз?” деген сурамжылоодо көрсөткүчү президенттик команданын башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу жогору болгон. Сурамжылоонун буга чейинки айлампаларында президенттин командасындагы адам талапкер болушу мүмкүн делген премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 1 пайыз гана добуш алып, тизмеден четтетилген болчу. Ал эми Сапар Исаковдун рейтингинин күчтүү делген А.Салянова, Т.Сариев, К.Ташиев сыяктуу саясатчылардын катарынан орун алышы анын "мураскер" болуу мүмкүнчүлүгүнүн жогору экенин айгинелейт. Сапар Исаковду Мадумаров, Бабановдун рейтинги менен салыштыруу мүмкүн эмес. Ак үй Сапар Исаковдун талапкерлигине токтолуп, өз ресурстарын иштете турган болсо, анын мүмкүнчүлүгүнүн геометриялык прогрессия менен өсүшүндө күмөн жок. Сапар Исаковдун дагы бир "көзүрү" - анын жаш курагы. Кезинде Исхак Раззаков мамлекет жетекчилигине 40 жашында дайындалган. Андыктан эл эски саясатчылардан чарчап турган чакта, келерки жылы 40 жашка чыгуучу Сапар Исаковдун жылдызы жанып кетиши толук мүмкүн.
Президенттик жарышка аттанчу саясатчылардын арасында “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабановдун мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Азырынча президенттик шайлоо боюнча анчейин сөз козгобой отурган Бабанов кези келгенде кырдаалга жараша күчтүү саясатчыларды айланасына чогулта билүү таланты менен негизги талапкерге айлануусу толук мүмкүн. Бабанов мындай кыла аларын эки парламенттик шайлоодо далилдеди. Демек, алдыда дагы саясий биригүүлөр, ажырашуулардын болушун күтсөк болот...
Өзбекстанда 4-декабрь күнү президенттик шайлоо болуп өттү. Эске салсак, ушул жылдын сентябрь айында аталган өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримов каза таап, премьер-министр Шавкат Мирзийоев президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. Президенттик жарышта 4 талапкер катталганы менен, Мирзийоев негизги талапкер катары сыпатталган болчу жана алдын ала 80 пайыз добуш алуу менен жеңишке жетери болжолдонгон. Маалыматтарга ылайык, коңшу өлкөдөгү президенттик шайлоого жалпы элдин 90 пайызга жакыны катышкан. Шайлоонун так жыйынтыгы бүгүн, 5-декабрда чыкты. Ага ылайык, Шавкат Мирзийоев Өзбекстандын президенти болуп шайланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, ал 88,61 пайыз добуш топтоду.
Президенттик тактыны ээлеп калчу Шавкат Мирзийоев Өзбекстандын президентинин милдетин убактылуу аткарып баштаганынан бир ай өткөндөн кийин эле акыркы 10 жылдан бери салкын мамиледе болуп келген кыргыз-өзбек мамилеси жандана баштаган. Тактап айтканда, октябрь айында өзбек тараптын чакыруусу менен кыргыз делегациясы Ташкентке барып, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Кийин Өзбекстандын делегациясы Ош шаарына келип, билим берүү, маданият жаатында кызматтташуу боюнча жана чек ара маселелери тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Мындан улам коңшу мамлекеттердин ортосунда болуп келген талаштуу маселелерде компромисс табылат деген үмүт бар...