Жумгал районунун Көк-Ой айылынын тургундары ачкачылык жарыялоону токтотушкан жок

Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылынын тургундары ачкачылык жарыялоону токтотушкан жок. Мындай билдирүүнү,бүгүн, 23-апрелде Кыргызстан жаштар кеңешинин депутаттары маалымат жыйынында билдиришти. Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаты Автандил Жапаровдун  айтымында, 2013-жылдын 7-мартында аталган айылдын Т.Карыбеков, К.Токтоналиев, С.Токтоналиев аттуу тургундары агасы Ш.Токтоналиевдин айыл өкмөтүнүн катчылык кызматынан бошотулганы үчүн ошол кездеги айыл өкмөтү Ы.Өмүровдун иш бөлмөсүнө кирип, ага кол көтөрүп, жыйынтыгы мушташка айланган. Эки тарап тең арыз жазып, бирок мас абалындагы 3 жаранга администрациялык чара колдонуп, сабоо жеген айыл өкмөтүнө карата 305-берене (кызматтык укугунун чегинен чыккан) менен кылмыш иши козголуп, айыл өкмөтү кызматынан убактылуу четтетилген. “Ш.Токтоналиев мурунку Башкы прокурор нурлан Турсункуловдун күйөө баласы болот, ошондуктан райондук сот ушундай чечим чыгарган. Көк-Ой айылынын эли экиге бөлүнүп кетпеши үчүн президенттен, төрагадан, премьер-министрден, Жогорку Соттун төрагасынан, Башкы прокурордон суранарыбыз бул иштин адилетттүү каралышына көмөк көрсөтүп, тиешелүү чараларды көрүп койсоңуздар”,-дейт Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан