Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзийоевди Өзбекстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзийоевди Өзбекстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Президенттик шайлоодо Шавкат Мирзийоевдин ишенимдүү жеңиши ага карата Өзбекстан элинин ишеними жана колдоосунун далили экени айтылат куттуктоодо. Атамбаев президенттикке Мирзийоевдин шайланышы менен Кыргыз Республикасы жана Өзбекстандын ортосундагы түбөлүктүү достук келишимине негизделген эки тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгы активдешет жана өлкөлөр ортосундагы конструктивдүү диалог эки тарапка тең пайдалуу жагдайда уланат деген ишенимде.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өттү. Анда шайлоочулардын 88,61 пайыз добушун алуу менен президент болуп Шавкат Мирзийоев шайланды. Инаугурациясы 2016-жылдын аягына чейин болору күтүлүүдө.

Мирзийоев Шавкат Миромонович 1957-жылы туулган. Ташкенттеги Ирригация жана айыл чарбаны механизациялоо институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунун башчысы кызматынан баштаган. Андан соң Жызак жана Самарканд облустарын жетектеген. 2003-жылдан тарта Өзбекстандын премьер-министри кызматында иштеген. 2015-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөнүн өкмөт башчылыгына кайра келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан