Швецияда дүйнөдөгү алгачкы муздан жасалган "Icehotel 365" мейманканасы ачылды. Мындай мейманкананы курууга 30 миң литрге жакын суу кеткен. Ал эми куруу иштерине дүйнөдөгү бардык скульпторлор катышканы айтылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бөлмөлөрдүн температурасы 5-8 градусту түзөт. Келген коноктор үшүп калбаш үчүн аларга атайын жылуу түнөк каптарды беришет. "Icehotel 365те" түнөө үчүн эки кишиге 270 доллар (18 500 сомдой) төлөшөт.
Имаратта 21 номер, ошондой эле бар жана сүрөт галереясы орун алган.
Муз мейманканасы 1989-жылы негизделген, бирок 2016-жылга чейин ар кыш мезгилинде кайрадан куруу, иретке келтирүү иштери жүрүп турган. Эми мындан ары жыл бою иштейт. Жылуу аба ырайында муздан жасалган жайды атайын орнотулган муздатуучу жабдуулар менен сактап турушат.