Жаап өткөн жаан-чачынга жана туруксуз аба ырайына байланыштуу 7-декабрга чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдары, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82-чакырымдары, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдары жана Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкесинин 42-44-чакырымдары) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
"Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 5-декабрында ӨКМнын телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүү жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.