5 мамлекеттик органдын Коомдук кеңешинин курамы жаңылануу алдында турат

Кыргыз жеринде 5 мамлекеттик органдын Коомдук кеңешинин жаңы курамын шайлоого карата сынакка документтерди кабыл алуу мөөнөтү узартылды. Алар: Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин, Каржы министрлигинин, Экономика министрлигинин, Билим берүү министрлигинин Коомдук кеңештери. Өкмөттүк аппарат документтерди кабыл алуу 2016-жылдын 15-декабрына чейин узартылганын маалымдайт. Документтер Өкмөт үйүндө кабыл алынат.

Кеңештин мүчөсү болом дегендер Коомдук кеңеш түзүлүп жаткан органдын жетекчисине жакын туугандык байланышы болбошу керек жана мамлекеттик же муниципалдык кызматкер мүчөлүккө кабыл алынбайт. Талапкерде тийиштүү органдын ишин жакшыртуу боюнча идеясы болуусу шарт.

Белгилей кетсек, Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат. Максаты - мамлекеттик органдарга карата жарандык коомдун көзөмөлүн күчөтүү. Бул институт 2010-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан