Кара-Балта шаарында жер алдынан чыккан суу турак жайларды каптоодо (фото)

Аба температурасынын жогорулашынан улам кар эрип, Кара-Балта шаарынын Солнечная көчөсүндө жабык коллектордук дренаждык түйүнүнөн суу кетпей калгандыгына байланыштуу тургундардын короолорунан жана жер төлөлөрүнөн жер алдындагы суу чыга баштаган. 2016-жылдын 5-декабрында Жайыл райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, Кара-Балта шаардык мэриясына түзүлгөн кырдаалды жоюу боюнча эскертме берилген.

"Абалды тез арада жөнгө салуу үчүн ӨКМ тарабынан күйүүчү май бөлүнүп берилип, коллектордук дренаждык түйүндөрдү тазалоого Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан 1 даана экскаватор, ЮМЗ трактору тартылып, саат 15:30да тазалоо иштери башталган", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан