Эксперттер: "Өзбекстандын жаңы президенти коңшулар менен мамилени жакшыртат"

Өзбекстанда 4-декабрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгып, жеңүүчү болгондон кийин Шавкат Мирзийоев Ташкентте эл алдында 1 саатка жакын сөз сүйлөдү.

Президент бардык өзүнүн тарапташтарына ыраазычылык айтып, президент катары Ислам Каримовдун багытын улантарын билдирди. Ошондой эле реформа жүргүзүүгө даяр экенин да ачыктады. Эксперттер Мирзийоев чарбачыл чиновник катары экономикага басым жасай турганын айтып жатышат. Орусиянын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун Жакынкы өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн изилдөө борборунун өкүлү Иван Иппилотов Өзбекстандын жаңы президенти тышкы саясатта кескин кадамдарга барбайт деген пикирде. Ага карабай тышкы саясатта өзгөрүүлөр байкалганын, Өзбекстан коңшулары менен мамилени жандантканын айтат эксперт. Өткөн күздө Өзбекстан коңшулар менен мамилени жакшыртууга аракет жасаганы, Тажикстандын Рогун ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү Өзбекстан коңшулар менен алаканы жакшыртууга кызыкдар экенинин белгиси экени айтылууда.

Белгилей кетсек, Мирзийоев президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда эки урунттуу иш сапар уюштурулду. Октябрдын башында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри баштаган делегация Анжиян шаарына барса, Өзбекстандын премьер-министринин орун басары баштаган ири делегация октябрдын аягында Ош шаарында болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан