КҮНСЕРЕП: Шайлоо алдындагы убадалар "жарманкеси"

Бүгүн, 6-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого жана Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүгө 5 күн калды. Жарышка аттанган партиялар шайлоо алдындагы соңку жарнамалык үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып жатышат. Үгүт кампаниясы 2016-жылдын 11-ноябрында старт алган, андан бери Бишкек жана башка шаарлар, райондор, айылдар кооз ураандардын, жалындуу убадалардын кучагында. Элге таанымалы да, аты-жыты белгисизи да жер-жерлерде жолугушууларды уюштуруп, элдин жашоосун оңдоого 11-декабрда өтүүчү шайлоо гана жетишпей жаткандай, шайлоо өтсө эле жашоо оңолуп кетчүдөй убадаларды берип, добуш алуунун амалын көрүп жатышат. Бул - шайлоонун табияты, бирок кеп талапкерлер тарабынан айтылып жаткан убадалардын канчалык реалдуу экендигинде. XIX кылымда Германияны башкарган "темир канцлер" Отто фон Бисмарктын шайлоо тууралуу төмөнкү пикири бүгүнкү күндө да актуалдуу: "Адамдар үч учурда эң көп алдашат, бул - согуш маалында, аңчылыктан кийин жана шайлоого чейин".

Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан берки 25 жыл ичинде далай шайлоо өттү, элге далай убадалар берилди. Убада бергендердин айрымдары шайлоодо жеңип чыгып, бийлик башына келишти. Убадаларды аткарууга мүмкүн болгон бардык рычагдарга ээ болушту. Айтылган убадалар 100 пайыз аткарылганда Кыргыз мамлекети бүгүнкүдөй абалда болбойт эле. Алыс барбай 2015-жылкы парламенттик шайлоону мисал кылалы. "Кыргызстан" партиясы жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга 50 миң сомдон берүүнү, КСДП мугалимдер менен дарыгерлерди турак жай менен камсыздоону шайлоодон кийин эле жасалчу иштей баяндаган. Бул эки партия парламенттеги башкаруучу коалицияда бир жылдан ашык иштеп койду, бирок убадалардын ийгиликтүү аткарылышынан кабар жок. Шайлоодо 50 миң сомдон үмүт кылып же 500 сомго алданып добуш бергендер эми ойлонуп добуш берүүсү керек. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жакында Жогорку Кеңеште республикалык бюджет каралып жатканда "ар бир төрөлгөн ымыркай үчүн 50 миң сомдон төлөө" демилгеси ишке ашпасын билдирди.

Бул жолу партиялар Бишкекте коомдук унаада жүрүүнү бекер кылабыз, унаа тыгындарын жоёбуз, автоунаага төлөнчү салыкты жоюп салабыз деп убадаларды беришүүдө. Эптеп добуш жыйноо үчүн элдин калың катмары туш келген кыйынчылыктарды бетке кармоо адаты күч алып баратат. Бир шайлоодон экинчи шайлоого чейин саясий партияны же саясатчыны сыноого убакыт жетиштүү. Жашоонун өзгөрүшүн каалаган ар бир жаран добуш берүү күнү артка кылчайып, убадалар аткарылдыбы-жокпу эске салып, ошонун негизинде добуш берсе, балким, жашообузда өзгөрүү болот. Бирок кыргыз коомчулугунда добуш сатуу, сатып алуу адаты жоюла элек. Парламентте быйыл шайлоодо добуш сатып алууну болтурбоого багытталган мыйзам долбоору сунушталган болчу. Документ 1-2-окуудан ийгиликтүү өткөн, бирок 3-окууга келгенде тармактык комитетте эки ирет кворум чогулбай, долбоор 3-окуу режиминде талкууланбай калган. Каршы депутаттар мыйзам долбоорун чийки деп атап, айрым партия өкүлдөрү жалган билдирүүдөн улам күнөөлүү деп табылып 5 жылга камалып кетиши мүмкүн экенин айтып тынчсызданышкан. Демек, шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө, идеялардын, ишке аша турган реалдуу программалардын атаандаштыгына партиялар даяр эмес. Саясатчыларга, партияларга күчтүү программа менен чыгып, элди ээрчитүүдөн көрө айыл аксакалдарын чогултуп чай берип, устукан тартып, "өзүбүздүн бала" деген мактоо менен добуш алган ыңгайлуу. Аларды ушундай мамиле, ушундай шарт канааттандырат. Мындай принципте депутаттарды шайлаган эл жашоо-шарт оңолбой жатканына нааразы болуп, кийинки шайлоону күтөт. Ушундай айлампа чексиз кайталана бериши мүмкүн. Аны өзгөртүү элдин колунда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан