Мамлекеттик-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына таянсак, сасык тумоо жана курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясы оорулары боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда.
3-октябрдан 4-декабрга чейин 16 098 учур катталды. Өткөн жылы 10 664 учур катталган жана былтыркыга салыштырмалуу быйыл 50,9 пайызга өскөн.
"Ноябрь айында окуучулардын сабакка катышуусуна жүргүзүлгөн мониторингде 35 мектепте окуучулардын 20 пайызы катышпагандыгы көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык маанилүү жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча координациялык комитетинин токтому менен 5-декабрдан 12-декабрга чейин окуу процесси токтотулду. Ошондой эле 13 жеке мектеп карантинге жабылды", - деп айтылат Бишкек шаардык мэриясынын маалыматында.
Карантин учурунда балдар үйлөрүндө болуусу зарыл.
Мектепке чейинки жалпы билим берүү уюмдарында балдардын келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары коомдук унааларга берилген санитардык эскертүүлөрдүн аткарылышы көзөмөлдөнүп жатат. Дезинфекциялык режим сакталбаган жана коомдук транспорттун ичи тазаланбаган учурда ишканалардын жетекчилерине 10 айыптык санкция салынат.