Абакта жаткан кыз: "Темир тор артында жатып апамды сагынам, өкүнгөнүм - келечегимдин караңгы болуп турганы..."

"Кордук көргөзүп, бактыма балта чапкан адамдан өч алып, 5 жыл абакка жатууга мажбур болдум", - деп сөз баштады абакта жаткан Жээнгүл Насырбек кызы (аты-жөнү өзгөртүлдү). Ал кордук көрүп кыйналган окуясын мындайча эскерет:

"Коңшу айылда жашаган адам бир күнү кечке маал жолдон кармап алды. Аны сыртынан эле таанычумун. Ал менден 10-15 жаш улуу болчу. Айылдын четине алып барып кордук көргөздү. Интимдик катнашка мажбурлап, макул болбой койсом күчкө салып зордуктады. Эч кимге айтпаганымды билип кийин дагы эки жолу арам оюн ишке ашырды. Акыры шаарга кетип калдым. Ал убакта жаш болчумун. Эч кимге айта албай кала бергем. Ичимдеги кегимди мени зордуктагандан кийин 4 жылдан соң алдым. Бул кылыгым үчүн 5 жылга эркимден ажыратылдым".

Жээнгүл Насырбек кызы Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал учурда 23 жашта. 8 бир туугандын алтынчысы. Бир жылдан ашуун убакыттан бери аялдар абагында өмүр кечирип келет. Ал бир туугандарын, апасын сагынганын айтты.

"Өч алганыма өкүнбөймүн. Өкүнгөнүм - эртеңки келечегимдин караңгы болуп турганы. Турмушка чыга элекмин. Айылга барсам "түрмөдөн чыккан кыз" деп сөз кылат. Башкалар сыяктуу бактылуу жашагым келет. Болочок жолдошум камалып чыкканымды билсе менден баш тартып кетеби деп чочулайм. Балалуу болсом абакка отуруп чыкканым балдарыма терс таасирин тийгизеби деп корком", - дейт каарманыбыз.

Жээнгүл абакта башкалар менен чырдашып, мушташпасын айтты. Аялдар абагында мушташ көп болбой турганын, айрым учурларда гана түшүнбөстүктөн жаңжалдашкандар болорун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
mamatmusakuzuraziya
2016-12-06 13:42:19
иииий байкуш ай не кылат анан айла жок
+15
tulpar90
2016-12-06 13:49:44
Жакшылыктан үмүт үзбөй жашоо керек.
+15
azamat.k
2016-12-06 13:53:26
Сокулуктун Степное айылындакы 2-аялдар турмосундо,кечээ оз онорлорун тартуулагандардын бири го бул кыз.Бугун бул жакка чыгарышыптыр да.
+9
mery.89
2016-12-06 13:55:07
Суперчилер гезиттин жаны санын сайттан качан окуйбуз
+9
admin_portal
2016-12-06 14:09:28
mery.89, саламатсызбы? Толук маалыматты бул жактан алсаңыз болот http://www.super.kg/kabar/news/168419/
-7
Stervashka
2016-12-06 14:06:31
Келечегин алдыда, баары артта калды. Кудай буюрса бактылуу болосун, сени тушунгон адам созсуз болот.
+9
maks83
2016-12-06 14:09:26
эмне кылып оч алды болду экен.
+6
tulpar90
2016-12-06 14:10:52
maks83,өлтүргөн окшойт.
+2
surgeon777
2016-12-06 16:47:54
tulpar90,олтурсо беш эле жыл бербесе керек,башкача жол менен оч алган го...
+2
zhykyo
2016-12-06 14:09:35
Олтургонго окунбогон
+2
Бектурган
2016-12-06 14:15:56
Келечегибиздин карангы, же жарык кылуу шансы озубуздун колубузда. Откон чакты озгортуу шансы колубуздан чыкты. Так что ойлонбой, ыйман жолуна тушуп, умут менен аракет кыла бер...
+5
Tynystan7799
2016-12-06 14:24:43
Келечек алдыда ...
+3
sessa
2016-12-06 15:00:37
Суперинфонун жаны санын дуйшомбуну кутуп окучу элек...кааап жаман болуптур..козум тешилди эки кундон бери
+5
admin_portal
2016-12-06 17:24:33
sagyndym90, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
semo
2016-12-06 20:46:47
Аллахтын алдында таза болсон болду өз келечегин өзүнүн колунда ел еч нерсени чечпейт бир айтып еки айтып калат
+1
Totyua.71.
2016-12-07 05:42:09
келечекке ишенимдуу кара,анткени алдыдагы омурлор бирдей отот деп эч ким айта албайт ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан