Уруксатсыз археологиялык казууларга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору бүгүн, 23-апрелде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин отурумунда 2-окууда жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Мыйзам долбоорунун максаты - тарыхый-маданий мурастардын объектилерин сактоонун, пайдалануунун жана коргоонун талаптарын бузууга жол бербөө жана ага бөгөт коюу. Ошондой эле белгиленген тартипте уруксат албай туруп археологиялык казууларды жана чалгындоолорду жүргүзүүгө тыюу салуу болуп саналат.