ЖЫЛНААМА, 6-ДЕКАБРЬ: "Оскар" сыйлыгын 4 жолу алган британиялык аниматор Николас Парк 58 жашка толду

"Оскар" сыйлыгын 4 жолу алган британияык аниматор Николас Парк 58 жашка толду. “Тоокканадан качуу” мультфильми аркылуу таанымал болгон аниматор Англиянын Престон шаарында 1958-жылы 6-декабрда төрөлгөн.

Аниматор пластилиндик анимация жанрында эмгектенет. Анын алгачкы тасмасы үйүнүн чатырынын астында 13 жашында тартылган. Шеффилд шаарындагы арт-мектепте, андан соң Кино жана телевидение улуттук мектебинин алдындагы анимациялык студияда окуган. 1985-жылдын февраль айында "Aardman Animations" мультипликациялык студиясына келип режиссёр, аниматор болуп иштеп, жарнамалык түрмөктөрдү, музыкалык видеоклиптерди тартууга катышкан.

"Туура эмес шымдар", "Жаныбарлар дүйнөсүндө", "Нөлгө барабар чач кыркуу" жана "Кубулма коёндун каргышы" деген мультфильмдери үчүн төрт жолу “Оскар” сыйлыгына арзыган.

6-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан