Лев Васильевдин кредосу - жакшылык жаса!

Турмушта оозго алынып, кадыр-баркы баарына: кесиптештери менен досторуна, жакын туугандары менен жатка, кары менен жашка да бирдей өткөн адамдар болот. Ушундайлардын катарына "Электр станциясы" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөсү, Бишкектин ардактуу атуулу, ардактуу энергетик, дагы көптөгөн наамы бар Лев Алексеевич Васильев кирет.

Бишкектиктер үчүн баарынан мурда Васильев – көп жылдар бою шаардыктарды жылуулук менен камсыз кылган Бишкек ЖЭБди жетектеген адам. Карыялык кутман курагына карабай Лев Алексеевич азыр да шаарыбыздагы урунттуу окуялардан четте калбай, дале жарандык активдүү позицияны кармаганы менен белгилүү.

- Мен ишкер же саясатчы эмесмин жана кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын ал жакта коргоюн же карьера жасайын деген оюм да жок. Бирок менин жашоодогу кредом - "Колуңдан жакшылык келеби, жаса!" Анан да мен бишкектикмин жана өз шаарымды сүйөм. Карапайым шаардыктар көп учурда бюрократиянын, айрым учурларда аткаминерлердин ачык эле орой жана осол мамилесинин айынан кантип акыйкатсыздыкка кабылып жатканын жакшы билем. Ушундайда шаардыктардын керегине жараймын деп ойлойм. Ошон үчүн мен шаар кеңешине ат салышып жатам. Депутаттык мандат мага элдин атынан аткаминерлер менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Депутат жана жаран катары да мен өзүм жөнүндө жакшы эскерүүлөрдү калтыргым келет.

Эмне үчүн мен көп жылдан бери СДПКнын катарындамын (атүгүл акыркы учурда БШКда партиянын фракциясын жетектедим)? Анткени бийликтин партиясы катары өлкөдө болуп жаткан бардык ийгилик жана жетишпестиктер анын жоопкерчилигинде. Аракет акырындан жемишин берип, кырдаал жакшы жагына ооп баратканын көрүп турам.

Көзгө көрүнөрлүк жылыштар болуп, шаар өзгөрүүдө. Биз саясий аңгектин сазынан суурулуп чыктык. Партиялар тазаланып, позициялары да аныкталды. Ал эми СДПКнын социалдык багытты көздөгөнү мага өзгөчө жакын. Эң маанилүүсү, социал-демократтар баарына бирдей теңчиликти убада кылышат - билим берүүгө, медицинага жана башка социалдык жыргалчылыкты баарына бирдей деңгээлде камсыз кылууга аракеттенишет. Ошон үчүн биздин фракция ар дайым бюджеттин эң көп бөлүгү шаардыктардын социалдык муктаждыктарына багытталышы үчүн күрөшүп келет.

Шаар кеңешинде мен буга чейин иштегендиктен, бул жумуштун өзгөчөлүктөрү мага дайын. Сүйүктүү шаарымдын жыргалчылыгы үчүн эмгектенгенге менин ден соолугум жана күчүм да жетерине ишенем.

Анан да шаарлыктарга түз минтип кайрылгым келет: кайсы партия үчүн добуш берүүнү силер өзүңөр чечесиңер. Бирок шайлоо участогуна сөзсүз келгениңер абдан маанилүү, анткени шаарыбыздын келечеги сиздин добушуңузга муктаж.

Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 6-декабрь.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан