Бишкекте мас айдоочу жол кырсыгына себепчи болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 5-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тойота Ипсум унаасынын айдоочусу, 1973-жылы туулган Руслан Жумабаев Тойота Королла унаасын сүзүп, кийин Лексус 570 жана Ниссан Примера үлгүсүндөгү унааларга урунуп токтогон.
"Тойота Ипсум унаасынын айдоочусу мас абалда болгон. Учурда жол кырсыгына кабылган унаалар айып жайга токтотулду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - дейт Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.
Ал эми өлкөдөгү айрым маалымат агенттиктери жол кырсыгына себепчи болгон айдоочу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүн черткен миң комузчунун көркөм жетекчиси, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ага окутуучусу, белгилүү комузчу экенин жазып чыгышты.