Бишкекте айдоочулар менен милиция кызматкерлеринин мушташы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте айдоочулар менен милиция кызматкерлеринин мушташы боюнча "бийлик өкүлүнө кол көтөрүү" жана "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 6-декабрга караган түнү Көк-Жар конушунда болгон. Анда милиция кызматкерлери жол жээгинде токтоп турган "Кара-Жорго" деген белги илинген унааны текшерүүгө алышкан. Унаанын ичинде 1990-жылы туулган айдоочу Мирлан Таалайбеков жана жүргүнчү 1993-жылы туулган Урмат Эркинбек уулу болгон. Кийин айдоочу "милиция кызматкерлери сабашты" деп такси кызматынын башка айдоочуларын жардамга чакырган. Анын кесепетинен эки ортодо түшүнбөстүк чыгып кеткен.

"Чырды милиция кызматкерлери асманга ок атуу менен токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочулар ага да баш ийишкен эмес. Кийин окуя болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери келишкен. Мушташтын кесепетинен аймактык инспектор Н.Абдыкадыров жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал эми мушташка шектүү катары кармалгандын бири Мирлан Таалайбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экинчиси Урмат Эркинбек уулуна баңгизат колдонгону үчүн административдик протокол түзүлдү", - дейт Казабаев.

Таксисттер менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы чыр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
abusait
2016-12-06 14:35:05
Эми байкуш таксистти жакшы эле " сындырышат" . эмне себеп болду экен? Чамасы таксисттен акча ондуробуз деп оздору таяк жеп калганго.. Аман эле болушсун баары.
+5
Adil706070
2016-12-06 14:37:07
протокол
-2
zhykyo
2016-12-06 15:04:35
Таксисти камаш керек куноосу жок болсо эмнеге текшермек эле банги зат колдонсо текшерет да кол которсо формачанга
-8
sultan89
2016-12-06 18:32:43
zhykyo,сен дагы кызыл топусунго чамасы
е?
+7
meni_kut
2016-12-06 15:05:23
Ха ха милиция бангизатты оной эле чонтогуно салып коет алардын постоянный опыты да бул.
+11
mambo-1984
2016-12-06 15:12:17
туура ушундай ментердин козун тазалаш керек причина жок текшергендер коп болуп кети.
+8
dosym
2016-12-06 15:15:50
Кара жорго деген белгиси болсо эле текшере бериш керекпи,
+8
Shapak1979
2016-12-06 15:27:46
Бул сайтта ХХХ гоо
+1
nurik838383
2016-12-06 15:43:15
Shapak1979,жабылып калбайын дешет да
0
admin_portal
2016-12-06 15:52:16
Shapak1979, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Bishkek.001
2016-12-06 17:01:30
Акча ондуро албай калышканда кысталактар
+3
BekAmir
2016-12-06 18:06:04
Жай тургундар милицияга оздору тийишпейт. Нарколог менен милициянын тили бир
+1
tyhcaiym
2016-12-06 20:20:46
Жаңы эле тв кайгуулдан бердиго
+1
tairbek
2016-12-06 22:57:47
Эмне учун баарынар таксистин эле жанынан чыгасынар, Таксисттин чегип алганын коруп турасынарго. Таксистер клинттерин олтуруп деле кетип жататко буларды камаш керек мен милицияны колдойм. Эркек болсо раз на раз чыкпайт коптоп урбай биз мындай журсок Кыргызстан качан онугот ар бир катышкан таксисти таап жазасын бериш керек, мен деле таксист бирок бул ото туура эмес коптоп аны уруп салган
-4
mambo-1984
2016-12-07 00:12:04
tairbek,Ал жерде мент озунун тилинен движениясынан таптыда бир ай мурун деле мисалга мени жондон жон эле текшерип 280 сомумду алып коюшкан атак ментер бул жерден сындырайын деген ойдо болгон наркологиядан клей деп чыгып жатпайбы мумкун жытаган чыгар эми ровдан Таксисти аябай эле сабайт копчулуктоп а ментики туура болуп чыга келет ушул окуяны супер инфо жакшылап аягына чейин иликтеп койсонор жакшы болмок эле.
+1
Ulan2601
2016-12-07 00:54:44
Милицияны тазалаш керек ушуга окшогон ХХХ толуп кетти
-1
admin_portal
2016-12-07 09:38:56
Ulan2601, этика нормаларын сактаңыз!
-1
Nargiza1987k
2016-12-07 09:14:13
бул жерде таксист куноолу болуп калат копчулукту чакырбай озу чечпейби ак болсо эми бул ХХХ айынан канчасы суйролот.Жорго жакшы эле иштеп жаткан ушулардын айынан жаптырып салбаса эле
+2
admin_portal
2016-12-07 09:39:25
Nargiza1987k, этика нормаларын сактаңыз!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан