2006-жылы 6-декабрда саат 15:00 чамасында "Манас" Эл аралык аэропортунун аймагында Америка Кошмо Штаттарынын Аскер-аба күчтөрүнүн аскер кызматкери, Ганси авиабазасында кызмат өтөгөн Закари Хэтфилд белгисиз себеп менен табелдик куралынан авиабазада май куюу кызматтарын көрсөтүүчү компаниянын айдоочусу, Кыргыз Республикасынын жараны, 42 жаштагы Александр Ивановду атып жиберген. Алган жарааттардын натыйжасында А.Иванов ооруканадан каза болгон.
2007-жылы 7-майда бул окуя тууралуу кылмыш иши расмий түрдө аяктаган. Башкы прокуратура Закари Хэтфилдди күнөөлүү деп тапкан, Бирок “Манас” аба майданындагы АКШ аскерлери кол тийбестик укугуна ээ болгондуктан, аны кылмыш жообуна тартуу мүмкүн болгон эмес. З.Хэтфилд 2007-жылы 22-мартта мекенине жашыруун качып кеткен.
6-декабрга карата жылнаама.