Казакстанга кулчулукка кеткен жаран Кыргызстанга кайтарылат
Казакстанга кул болуп кеткен кыргыз жараны 2-3 күндүн ичинде Кыргызстанга кайтарылып келинет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Кечээ ТИМ тарабынан 1975-жылы туулган Ош шаарынын тургуну М.У.Мду мекенине кайтаруу тууралуу керектүү документтер чогултулуп, Кыргызстанга алып келүү үчүн материалдык жардам көрсөтүлдү.