Сасык тумоодон улам өлкөдө 141 мектеп жабылды

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 6-декабрда тийиштүү жетекчилер менен сасык тумоо күч алган кырдаалды талкуулады.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин билдиришинче, 2016-жылдын 10 айында ооруга кабылгандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 5,8 пайызга өстү. Сасык тумоого чалдыккандардын 64 пайызы 14 жашка чыга элек жаш балдар. Министр окуучулардын 30 пайызы ооруп сабакка келбей калганынан улам Бишкек шаарында бардык мектептер жабылып, 12-декабрга чейин карантин жарыяланганын эскертти.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаеванын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 141 мектеп жабылды. Алардын качан ачылары эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Айта кетсек, учурда өлкөдө 2233 мектеп бар.

Вице-премьер тийиштүү органдар кырдаалды дыкат көзөмөлдөп, окуу процессин мындан ары үзгүлтүккө учуратпоо зарылдыгын белгиледи. Саламаттык сактоо министрине оорулууларды кабыл алууга медициналык мекемелер даяр болушу керектигин айтып тапшырма бергенин билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sarbo
2016-12-06 15:49:58
баша региондорду дагын жапса жакшы болот,бишкекте кандай сасык тумоо журуп атса башка жакта дагын ошондой оор болууда
0
make2
2016-12-06 19:30:39
Сасыган саясат менен сасык тумоо аралашып кеттиго, мугалимдер кененирээк агитатция кылат экенда, туура шайлоо учурунда сасык тумоо күчөгөнүн кара.
+1
jypara1415
2016-12-06 23:37:01
Туура баамдапсыз . Менин да пикирим ушундай .
0
Totyua.71.
2016-12-07 05:34:38
балдарыбыз оорубаса экен дегилечи муну да саясатка аралаштырбай сасык тумоо катуу журуп жатат..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан