Өмүрбек Текебаев: "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр Кыргызстандын пайдасына чечилбесе, бул маселе парламентте июнь айында каралат"

Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр Кыргызстандын пайдасына чечилбесе, бул маселе парламентте июнь айында каралат". Мындай маалыматты “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады. Анын айтымында, “Кумтөр” долбоору - бул Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң афера.

 

"2003 -жылы “Центерра” кошулганы кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген чечим болгон. Бул чечим ошол кездеги парламент тарабынан кабыл алынган. Ал эми ЖКнын азыркы чакырылышы “Центтерра” жөнүндө эки жолу чечим кабыл алып, экөөсүндө тең 2009-жылкы, 2003-жылкы келишимдер жокко чыгышы керек же Кыргызстандын пайдасы үчүн өзгөрүшү керек деген чечим кабыл алынды. Ошондон улам биздин жарандар "бул маселе радикалдуу тез чечилсин, тез аранын ичинде “Центерра” боюнча келишим жокко чыгып, “Кумтөр” Кыргызстанга өтсүн" деген талаптарды коюп жатат, муну мен табигый маселе катары карайм.  

 

“Ата Мекен” социалисттик партиясы февраль айында 2009-жылкы “Центерра” боюнча кошумча жаңы келишимди жокко чыгаруу боюнча жана 2003-жылкы “Центтерраны” түзүү келишимин жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун киргизгенбиз. Ал мыйзам долбоору азырынча карала элек. Азыр мамлекеттик комиссиянын чечими бар, Жогорку Кеңеш “3 ай убакыттын ичинде “Центерранын” акционерлери менен сүйлөшүүлөр жүрсүн” деген чечим кабыл алган. Андан бери эки айга жакын убакыт өттү. Сүйлөшүүлөрдүн максаты - алар кеткен катачылыкты моюнга алып, Кыргызстандын пайдасына өздөрүнүн үлүшүнөн баш тартсын.  

 

Эгерде “3 айдын ичинде сүйлөшүүлөр максатына жетпесе, кыргыз өкмөтү аталган келишимдерди жокко чыгарып, сунушун киргизсин” деп Жогорку Кеңеш чечим кабыл алган. 24-апрелде митингге чыга турган адамдардын “Кумтөр” боюнча ой-пикирин бөлүшүп, колдогонум менен, мөөнөтү боюнча оюм башка. “24-апрелде каралсын, болбосо парламент тарасын” деген чечим коюп жатпайбы. Жогорку Кеңеш, жогоруда айткандай, бул маселе боюнча өз ой-пикирин айткан, сүйлөшүүлөргө үч ай мөөнөт берген. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында “Кыргызстандын пайдасына чечилген эмес деп эсептей турган болсок, июнь айында бул маселе парламентте каралат”,- деди Өмүрбек Текебаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан