КРнын Япониядагы элчилиги атайын иш-чара өткөрүп, Кыргызстанды даңазалады

20-апрель күнү Кыргызстандын Япониядагы элчилиги Токио шаарында “Япония – Евразия өлкөлөрү” ассоциациасынын колдоосу менен атайын иш-чара өткөрдү. Анда КРнын Япониядагы элчиси Рысбек Молдогазиев кыргызстандыктардын тарыхы, маданияты, учурдагы жашоосу, туристтик деңгээли жана Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгы тууралуу баяндама жасады. Мындан сырткары Токио университетинде аспирантурада окуп жаткан кыргызстандык Калиман Үмөтбаева япон окуучулары менен биргеликте комузда жана ооз комузда чыгарма аткарышып, кыргыз элинин музыка искусствосун даңазалады. Ошондой эле иш-чарага катышкан студенттер, журналисттер, туристтик компаниялардын өкүлдөрү көргөзмөгө коюлган кыргыздын улуттук кийимдери менен таанышып, кыргыздын тамак-аштарынын даамын татышты. Жыйынтыгында, катышуучулар турист катары Кыргызстанга келип, өлкөнүн жаратылышы жана жашоочулары менен жакындан таанышуу тилектерин билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан