Баткенде "пенсия алганы кетип дайынсыз" деп изделип жаткан эненин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.
"84 жаштагы Суксур Бурканова 26 күндөн бери изделип жаткан. Анын жансыз денеси бүгүн, 6-декабрда Баткен шаарынын Кызыл-Жол тилкесиндеги Дасталык жайытынан табылды", - дейт Юсупова.
Айта кетсек, 1931-жылы туулган С.Бурканова 10-ноябрь күнү "пенсия алам" деп Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйүнөн саат 10:00 чамасында чыгып кеткен боюнча үйүнө кайрылып келген эмес.