Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Адилет Касенов 8 жылга эркинен ажыратылды

Кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы Адилет Касеновду сот 8 жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн режимде жаза өтөө чечимин чыгарды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан  билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү сот өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди, буга байланыштуу анын мүлкү конфискацияланат. Адилет Касеновго “мыйзамсыз каражат чогултуу иштерине катышкан” деген айып коюлду. Ошондой эле ага карата мунапыс ченеми каралып, ага ылайык сот жаза өтөө мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн кыскарткан. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2012-жылдын 25-июлунан тартып эсептеле баштайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан